Биз менен байланышыңыз

Элмирбек Иманалиевдин кызы турмушка чыкты

КРнын эл артисти Элмирбек Иманалиев жана ырчы Гүлбү Орозкул кызынын кызы Сезим турмушка чыкты. Маалыматка ылайык, кыз узатуу тою 8-августта борбордогу тойканалардын биринде өттү. Эки жашка өкүл ата болуп акындын жакын досу КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык  Бейшекеев шайланды. 45-өкүл балалуу болуп сүйүнүп турган  Сыймык Бейшекеев кубанычы менен бөлүштү:

«Бул той Элмирбектин көзүнүн тирүүсүндө эле белгиленип коюлган экен.  Жакшылыкты жылдырбай эле коелу деп акылдашып, кеңешип, узатуу кылдык. Сезим деп атын дагы мен койгом, өзү дагы бизге жакын ата-апа деп турат, атын дагы мен койгондуктан кичинекей кезинде эле Элмирбек менен Гүлбү “кийин өзүң өкүл ата болосуң” деп калчу, ошону эске алып балдар мени өкүл ата кылып шайлады. Экөө үч жылдан бери сүйлөшүп жүрүшүптүр. Бир жерде чогуу окушкан. Күйөө баланын аты — Бексултан, азыркы учурда ишкерлик менен алектенет экен. Кырдаалга байланыштуу жана Элмирбектин дагы жылдыгы өтө элек болгондуктан чоң той болгон жок, Тойдун башында ата-энесине багыштап Куран окудук. Ар кандай пикирлер айтылышы мүмкүн, бирок жакшылыктын жолун тоскубуз келген жок. Арты жакшылык болсун деген ниетибиз бар. Аманатыбызды дагы айттык, “Кызыбызды ыйлатпа, ыйлап олтуруп көз жашы деле түгөндү, мындан аркы тагдыры сенин колунда, керек учурда досу бол, агасы бол, иниси бол” деп айттык, Бексултан өзү дагы эстүү жигит экен. Буюрса, ыймандуу, жакшы үй-бүлө болушат деген ишеним чоң. Эки жаштын бактылуу болушун каалайм».

Марал радиосу Бексултан менен Сезимге бакыт каалайбыз.  

1 пикир

1 пикир

  1. Махабат

    11.08.2020 21:00

    Жакшы жаңылыктар үчүн ыраазычылык билдирем сиздерге ийгилик каалайм уулдарыбыз ыймандуу, кыздарыбыз акылдуу болсун кудайым кыргыз элимди жеримди колдосун деп тилейм кудайдан

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM