Биз менен байланышыңыз

«Кайнар» ресторанына кайрадан эл чогулду (видео)

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 2085 | 0

Бишкектеги “Кайнар” ресторанында бүгүн, 12-июнда кайра эле эл чогулуп, ресторан өз кызматын көрсөтүүдө. Ресторанга барган  коноктордун иш-чарадан чыгып жатканын Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасында түз алып көрсөттү.

Фейсбуктагы түз эфирден көп сандагы адамдардын баштык көтөрүп чыгып баратканын көрүүгө болот.

Эске салсак, кечээ 11-июнда “Кайнар” ресторанында Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабановдун эжесине Куран окутулганы белгилүү болгон. Аталган ресторанга Бишкек мэриясы 13 миң сом айып салынганын Твиттердеги баракчасына жарыялаган. Салынган айыппулдун суммасы көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурган. Бирок аны аталган ресторандын ээси жеке ишкер катары катталгандыгына байланыштуу түшүндүрүшкөн.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафе-ресторандарга 50дөн ашык адам топтолбошу керек.

Copyright © 2017 Maral FM