Биз менен байланышыңыз

«Империя пиццанын» тамагына уулангандар 85ке жетти

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 472 | 0

«Империя пиццы» кафесинен суши-ролл жегенден кийин уулангандардын саны 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир пациент стационардык дарылануудан өтүп жатат. Дарыгерлер абалы жакшы экенин айтышууда. Калган жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Эпидемиологиялык иликтөө учурунда дарыгерлерге кайрылгандардын баары борбор калаадагы бир кафенин ар кайсы филиалдарынан тамак жегени белгилүү болгон.

Буга чейин 23-24-октябрь күндөрү Бишкекте Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамакка ууланган 12 киши кайрылганын, анын үчөө — балдар болгонун билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM