Биз менен байланышыңыз

25-майдан тарта кийим сатуучу базарлар жана кафелер иштей баштайт

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 1304 | 0

25-майдан тарта төмөнкү ишканалар ишмердүүлүгүн жандантат:

  • Кийим-кече сатуучу базарлар;
  • 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен үстөлдөрдүн ортосундагы 1,5-2 м аралыкты так сактоо менен), соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан фуд-кортторду кошпогондо;
  • Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
  • Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.

 

Copyright © 2017 Maral FM