Биз менен байланышыңыз

Боронов: Бишкекке кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билсин

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 676 | 0

Калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды табуу өтө маанилүү милдет. Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчөтүү да андан кем эмес мааниге ээ. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында койду.

 Жаранда вирустун бар экендиги аныкталар замат биз аны менен байланышкан бардык адамдарды табууга болгон күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Медицина кызматкерлери жана ар бирибиз чарчаганыбыз анык. Бирок азыр жай отура турган мезгил эмес. Бир каталык кетирүү менен ишти кайра башынан баштап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир мамлекеттик орган толук өз күчүн жумшап иштеди, ишти дале ушул багытта улантууну өтүнөм , — деди Кубатбек Боронов.

Ал белгилегендей, Нарын шаарына кошумча күчтөр багытталды. Ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын эстен чыгарбоо кажет. Региондорго, айрыкча, Бишкек шаарына кирүү бир топ чектелгенин ар бир адам билиш керек. Борбор калаага иштөөсүнө уруксат берилген объекттерге тартылгандар гана келе алышат.

Биринчи вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга коңшу өлкөлөрдө, ошол сыяктуу эле Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу аркылуу жол трафиги көбөйгөнүн эскертип, жүк ташуучу унаалардын кирүү алгоритмин жаңылоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM