Биз менен байланышыңыз

Жеңишбек Жумакадырдын Иманалиевге арнаган жоктоосу (текст)

Кыска кабар | 21 Апр 2020 | 5639 | 1

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, актаңдай төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев дүйнөдөн көчтү. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал көп жылдан бери кант диабетинен жабыркап жүргөн. Оорудан улам 20-апрель күнү ооруканада көз жумган.

Ак таңдай акындын жакын досу, кесиптеши Жеңишбек Жумакадыр Элмирбек Иманадиевге арнап төмөнкүдөй жоктоо ырын жарыялады:

Түшүмө чындап кирдиңби досум,
Түгөнөр кезди билдиңби досум.
Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө,
Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум.
Кучактап жыттап албайт бир белем,
Кууратар күндү ким билди досум.

Катылган сырлар бир эле досум,
Казына ырлар миң эле досум.
Өнөрдүн анык тулпары элең,
Өзүңө жетчү ким эле досум.
Өкүрүп турам өзүмө келбей,
Өкүнтүп кеттиң чын эле досум.

Табылбайт кымбат сага кеп досум,
Тагдырым экен санаа көп досум.
Суйкайган кыздар, балдарың кантем,
Сурашса атам кана деп досум.
Өзгөлөр билбес кадырдын баркын,
Өзүмдү кошо ала кет досум.

Жан дүйнө калды термелбей досум,
Жашайбыз эми сен келбей досум.
Эш тутуп залкар билчү эле калкың,
Эшмамбетти көргөндөй досум.
Токтобойт көз жаш кабырга сыздап,
Токтогул кайра өлгөндөй досум.

Ойлоруң тунук накта эле досум,
Обонуң муңдуу башка эле досум.
Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн,
Көрүнүп турган кашка эле досум.
Кылымды көрөр алтындай башың,
Кырк эки гана жашта эле досум.

Замандын айткан чындыгын досум,
Санатың жашайт миң кылым досум.
Жылт эткен өмүр бизде да бүтөр,
Жылмайып күтүп тургунуң досум.
Коштогон арман кургурум досум,
Кош эми Элмир булбулум досум…

42 жаштагы актаңдай акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.

1993-жылдан бери бир нече ирет айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардын баш байгесинин ээси болгон. «Айтыш» коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындарга устаттык кылган Элмирбек Иманалиев 2016-жылы КРдин Эл артисти наамын алган.

Марал Радиосунун эмгек жамааты акындын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Элмирбек Иманалиев качан жерге берилери айтылды

1 пикир

1 пикир

  1. Жыргалбек

    21.04.2020 09:16

    Жаткан жериниз бейиштен болсун! Адам катары абдан жонокой, адамдын конулун калтырбаган адам элениз…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM