Connect with us

Сирияда согушка катышууга айыпталган кыргызстандык жаран кармалды

Кыска кабар | 13 Май 2024 | 337 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 4-майда Түркияда эл аралык террордук уюмга катышканы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, 1966-жылы туулган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Б.З.Т. чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышкандыгы, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөнү, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний жана регион аралык кастыкты козгогон деп айыпталууда. Ал Түркиянын аймагында кармалып, депортацияланды.

Кармалган адам 2015-жылдын ноябрында Сирияда «Жабхат-Ан-Нусра» террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышканы аныкталган. Учурда соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM