Биз менен байланышыңыз

Абактагы Махабат Тажибек кызы ур-токмокко алынганы кабарланды

Кыска кабар | 13 мая 2024 | 324 | 0

«Temirov Live» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызы тергөө абагында ур-токмокко алынганын жактоочу Улан Сейитбеков тастыктады.

Анын айтуусунда, Тажибек кызы абакта 5-апрелге караган түнү саат 10:00 чамасында сабалган.

Адвокаттын маалыматына караганда, Махабат Тажибек кызы отурган камерадагы бир аялды башка камерага которуу учурунда кызматкерлер орой мамиле кылышкандыктан тергөө абагында отургандар буга каршы чыгышкан. Ошол учурда тирешүү чыгып, 4-5 аял сабалган.

«Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери кирип, Махабат Тажибек кызынын жанында отурган аялды орой мамиле кылып, башка камерага алып чыгып кетип жатканда сабалышкан. Медициналык жардам көрсөтүлгөн. Акыйкатчы институту жана башка мамлекеттик органдар кирген. Учурда абалдары жакшы», — деди жактоочу.

Ал бул факты боюнча Башкы прокуратурага кайрылышканын, учурда териштирүү жүрүп жатканын, жыйынтыгы боюнча маалымат күтүп жатышканын кошумчалады.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 7-апрелде Атайын прокуратуранын жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү 6-апрелде №1 тергөө абагына барып, мекмеде кармалып тургандардын кармоо шарттары менен таанышкан.

Ошол учурда Акыйкатчы институту Махабат Тажибек кызынын денесинде көк-ала тактар аныкталганын билдирген.

12-майда  Махабат Тажибек кызынын жубайы, иликтөөчү журналист Болот Темиров Тажибек кызынын сабалганы боюнча сүрөттөрдү жарыялады.

Жаза аткаруу кызматы Махабат Тажибек кызынын абакта сабалганы тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

5-апрелде саат 10:00 чамасында Махабат Тажибек кызы жаткан камерадан айыпталуучулардын бирин башка камерага которуу чечими кабыл алынган. Натыйжада кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, баш ийбестикти көрсөтүшкөн. Тактап айтканда, Тажибек кызы башка соттолуучулар менен бирге башка абактагы аялдарды нааразычылыкка жана баш ийбөөгө чакыра баштаган.

Бул факты белгиленген тартипте каттоого алынган. Медициналык кароодон өткөндө Махабат Тажибек кызы кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында камералаштары тарабынан өзүнүн өтүнүчү боюнча сабап, ырайымсыз мамиле жасоо максатында жасашканы аныкталган.

“Мекеменин кызматкерлери тарабынан айыпталуучуга физикалык зомбулук же психологиялык басым болгон эмес. Жаза аткаруу кызматы жарандарды жазык-аткаруу тутумунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу атайылап жалган же такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат” , — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту Махабат Тажибек кызынын денесинде көк-ала тактар аныкталганын билдирди

Copyright © 2017 Maral FM