Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту Махабат Тажибек кызынын денесинде көк-ала тактар аныкталганын билдирди

Кыска кабар | 7 Апр 2024 | 260 | 0

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жана Атайын прокуратуранын жана кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү 6-апрелде №1-тергөө абагына барып, мекмеде кармалып тургандардын кармоо шарттары менен таанышты. Бул тууралуу «Маралга» Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Тергөө абагында сабалганы айтылып жаткан журналист — Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы менен жолугушту. Ошондой эле аны менен чогуу бир камерада отурган , Н. Кудайбергенова жана К. Аранова мекеменин жетекчиси менен сүйлөшүү жүргүздү.

Маалыматта, 4-апрелинде кечки текшерүү учурунда кызматкерлердин бири кармалып турган Н. Кудайбергеновага буюмдары менен сыртка чыгууну буйруган. Ал баш тарткан. Ал кызматкерди алар мурда көргөн эмес. 5-апрелинде мекеменин кызматкерлери Н. Кудайбергенованы башка камерага которуу максатында  кайрадан буюмдары менен аны сыртка чыгуусун талап кылган. Ага байланыштуу конфликт болгон. Аялга карата күч колдонуу болуп, Н. Кудайбергенованы күчтөп сыртка чыгарышкан. Мекеменин кызматкерлеринин версиясы боюнча кармалып турган аял каршылык көрсөткөн.

Акыйкатчы институту журналист Мабахат Тажибек кызын эки колунда, бет-жаагы жагында (сол жак жаагы), сол жак колтук жагында көк-ала тактар бар экени кароо учурунда аныкталганын, бирок көк-ала тактарды фото/видеого тартууга макул болгон болбогондугун, бул тууралуу акт түзүлгөнүн билдирди.

Атайын прокуратуранын маалыматы боюнча бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталганын маалымдады.

М. Тажибек кызы жана К. Аранова укуктарын коргоп берүүсүн суранып Акыйкатчынын атына арыз жазышты.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана аларга карата күч колдонуунун негиздүүлүгү боюнча тыкыр иликтөөгө чакырат.

Махабат Тажибек кызы тергөө абагында уруп-сабоого кабылганын маалымдап, 6-апрель күнү Жаза аткаруу кызматкерлерине каршы арыз жазган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM