Connect with us

Нью-Йорк: Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жүктү адилет бөлүштүрүүгө чакырды

Кыска кабар | 12 Май 2024 | 311 | 0

БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында 10-майда Токой форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы, тоолуу токойлорду жайылтуу» темасында кошумча иш-чара өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара Непал, Италия, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Тоо шериктештигинин катчылыгы менен бирге уюштурулду.

Катышуучулар тоо тармагына байланыштуу беш жылдык программаны ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик жол карта көрсөтүлдү.

Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев катышуучуларды Кыргызстандын «Тоолор жана климат» жаңы глобалдык диалогун эл аралык климаттык күн тартибине киргизүү боюнча сунушун колдоого чакырды. Ал өлкөлөрдү БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында жаңы түзүлгөн Тоолуу өлкөлөр тобуна кошулууга чакырды.

Тоо жана токой экосистемаларын сактоо үчүн кыргыз тарап климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жүктү адилет бөлүштүрүүгө чакырды. Жыйынтыгында катышуучуларды «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык Тоо саммитине катышууга чакырды.

Кыргызстанда «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммити 2027-жылы өтөт.

Иш-чаранын алкагында дүйнөнүн бардык тоолуу мамлекеттеринин өкүлдөрүн чакыруу пландалууда. Биринчи саммит 2002-жылы Эл аралык тоо күнүнүн алкагында Бишкекте өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM