Биз менен байланышыңыз

Орусияда бир суткада 174 адам коронавирустан көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 633 | 0

Акыркы бир сутка ичинде Орусияда 174 бейтап коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.

Өлүмдүн көпчүлүгү Москвада катталган (76). Ошол эле учурда бир сутка ичинде Орусияда 8915 адам коронавирус жуктуруп алган.

Жалпы вирус жуккан адамдардын саны 362 миң 342 адамга жетти.  Алардын ичинен 131 миң 129 адам айыгып, 3807 бейтап каза болгон.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин орусиялыктарга жайкы эс алуусун чет өлкөлөрдө өткөрбөөгө чакырды. Ал муну коронавирустук эпидемиянын жаңы толкунунун башталуу коркунучу менен түшүндүрдү.

«Бир нече күндүк эс алуу үчүн сиз өтө чоң суммадагы акча төлөп калышыңыз мүмкүн», — деди өкмөт башчысы.

Орусияда беткап тагуу режими дагы бир нече ай бою улана тургандыгын «Роспотребнадзордун» башчысы Анна Попова билдирди.

Санкт-Петербургда коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү алып салууга али эрте, анткени күнүнө оору жуктуруп алгандардын саны айыгып кеткендердин санынан ашып жатканын губернатор Александр Беглов айтты.

Орусияда Бирдиктүү мамлекеттик экзамен (ЕГЭ) 3-июлда баштала тургандыгын Билим берүү министрлигинин башчысы Сергей Кравцов жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM