Connect with us

Быйыл үч айда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү

Кыска кабар | 12 Май 2024 | 627 | 0

Кыргызстанда чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы 2024-жылдын январь-март айларына карата 34 миң 46 сомду түздү.

Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11% га көп. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын өлчөмү 5,3% га жогорулады.

Мындай маалыматты Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Орточо айлык эмгек акынын өсүшү дүң жана чекене соода чөйрөсүндө, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоодо 39,4% га өскөн.

Тейлөө ишинде  41,7% га, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи чийки затты алуу чөйрөсүндө  32,8% га жогорулаган.

Курулушта 32,6% га, пайдалуу кендерди казып алууда 26% га, кесиптик, илимий жана техникалык иште 22,8%.

Кыймылсыз мүлк менен алектенгендердин айлык акысы 22% га, ошондой эле транспорттук иште жана жүктөрдү сактоодо 21,4% га өсүш байкалган.

Copyright © 2017 Maral FM