Кыргызстанда чакан ишканаларды эсепке албаганда, бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы 2024-жылдын январь-март айларына карата 34 миң 46 сомду түздү.
Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11% га көп. Ал эми керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын өлчөмү 5,3% га жогорулады.
Мындай маалыматты Экономика жана соода министрлиги билдирди.
Орточо айлык эмгек акынын өсүшү дүң жана чекене соода чөйрөсүндө, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоодо 39,4% га өскөн.
Тейлөө ишинде 41,7% га, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи чийки затты алуу чөйрөсүндө 32,8% га жогорулаган.
Курулушта 32,6% га, пайдалуу кендерди казып алууда 26% га, кесиптик, илимий жана техникалык иште 22,8%.
Кыймылсыз мүлк менен алектенгендердин айлык акысы 22% га, ошондой эле транспорттук иште жана жүктөрдү сактоодо 21,4% га өсүш байкалган.