Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан дагы 2 бейтап көз жумду, бири -дарыгер

Кыска кабар | 2 мая 2020 | 1272 | 0

Бүгүн, 2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бейтаптардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А. 1962-жылы туулган, экинчи бейтап 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну.

Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Алардын дагы жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздиги сыяктуу кошумча оорулары болгон.

Республика боюнча жалпы 10 адам коронавирустан каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM