Биз менен байланышыңыз

Кытай Япониянын суу аймагын бузуп кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 615 | 0

Япониянын кризистик штабы премьер-министринин алдында жыйналды. Буга Кытай деңиз күчтөрү Түштүк Кытай деңизиндеги япон чек арасын бузуп киргени тууралуу кабар себеп болду. Бул тууралуу NHK маалымат иорталы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кытайлык төрт чалгын кемеси Япониянын акваториясына жакындап, бирөө Сенкаку аралдарынын жээгине жакын япон чек арасын бузуп кирген.

Ал арада Кытай тарап аталган арал өзүнө таандык Дяоюйдао аралы экенин айтып, мамлекеттик чек ара бузбаганын билдирүүдө.

Япониянын кризистик штабы абалга көзөмөл жүргүзүп жатканын билдирип, мындай кадам кайталанса тиешелүү чараларды көрөрүн эскертти.

Эске салсак, Сенкаку (Дяоюйдао) аралы эки мамлекеттин узак жылдардан берки жер талашынын негизи болуп саналат. Токио анын 1895-жылдан бери өзүнүн аймагы деп санаса, Пекин 1750-жылдардан эле Кытайдын картасына кирерин айтып келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM