Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри Түркиянын элчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 633 | 0

Бүгүн, 8-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Түркиянын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фырат менен жолугушту.

Жолугушууда экономика, саламаттыкты сактоо, туризм, маданият тармагында сөз болду. Түркиянын элчиси шаар аймагында заманбап мектеп куруу, материалдык муктаждыгы анык 4 оорулуу адамга акысыз операция жасатуу жана “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чараларында маданий жактан колдоо сунуштарын айтты.

Мындан сырткары даяр долбоорлор болсо, ишке ашырууга жардам болоорун билдирди. Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов шаар бийлиги кызматташууга даяр экендигин айтып, ылайык келген бир канча долбоорлордун сунушу берилээрин айтып өттү.

Элчи сунушталган долбоорлор менен тиешелүү адистер жакындан таанышып, жыйынтык болоорун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM