Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 520 | 0

Жогорку Сот Орусиянын жараны делген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулун Орусиянын жараны деген жүйө менен мандатынан ажыратуу сунушталган. Экономикалык иштер боюнча район аралык соту ага мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарганын БШКдан кабарлашкан эле. Бирок БШК соттун чечимине макул болбой, Жогорку Сотко даттанган.

Эске салсак, Жусупбек Коргонбай уулу «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдунмаалыматы боюнча, ал Орусиянын жарандыгын 2007-жылы алган. Муну Орусиянын Юстиция министрлиги тастыктаган. Кийинчерээк анын жактоочусу Орусиядан алган паспорту жараксыз экенин билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM