Биз менен байланышыңыз

Стамбулдагы кулаган үйдөн 11 киши жан берди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 781 | 0

Стамбулдун Картал районунда кулап кеткен сегиз кабат үйдүн урандысында каза болгондордун саны 11 ге жетти. Бул тууралуу Ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди. Анын айтымында 13 жарадардын абалы жакшы.

Маалыматтарга ылайык учурда ыкчам издөө-куткаруу иштери кызуу журүүдө.

Коңшу үйлөрдөгү тургундар ушундай кырсык өздөрунун имараттарында болушунан тынчсызданып жатышканын билдиришүүдө. Анткени кулаган үй сыяктуу уруксат берилгенден ашыкча бийик курулган үйлөр аймакта ондоп саналарын бары эле билишет.

Эске салсак, аптанын башында Стамбул шаарында сегиз кабаттуу үй кулап, ичиндеги ондогон жашоочу уранды астында калып кеткен. Жергиликтүү бийликтин атымында 1992-жылы курулган үй беш кабатка гана уруксат алынып, калган үч каты ашыкча болгон. Кырсыктын себеби дагы деле аныктала элек.

Copyright © 2017 Maral FM