Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Карды атайылап түшүрүү зарылдыгы пайда болду

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 454 | 0

Өлкөдө артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү зарылдыгы пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-76, 88-89- жана 100-115-чакырымдарында 8нен 12-февралга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ага байланыштуу 2019-жылдын 7-февралында Өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басарынын  буйругу чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM