Биз менен байланышыңыз

Сотто Суталиновду мөөнөтүнөн мурун бошотуу каралат

Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 616 | 0

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу иш каралууда.

Сот жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерин суракка алды. Күбө соттолгон Мурат Суталиновдун мүнөздөмөсүн жакшы деп айтып, эч ким менен чатакташпай турган киши катары сыпаттады.

Сотто төрагалык кылган Бактыбек Сыдыгалиев отурумду 15-февралга жылдырды. Анткени ал Мурат Суталиновдун иши менен тааныша электигин айтты.

Эске салсак, Жогорку сот Мурат Суталиновду 2010-жылдагы 7-апрель окуясы боюнча 25 жылга эркинен ажыраткан. Ал рак оорусу менен жабыркап келет.

Copyright © 2017 Maral FM