Биз менен байланышыңыз

Иманкожоева: Өлкөдө боор алмаштыруу борборун тезинен ачуу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2019 | 655 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, боор ооруларына жардам берип жүргөн демилгелүү топтун катышуучусу Эркингүл Иманкожоева “Марал” радиосуна берген маегинде өлкөдө боор алмаштыруучу борбор ачуу зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда боор, бөйрөк оорулары олуттуу көйгөйгө айланууда. Бул маселе жакын арада чечилбесе, кыргыз элинин саны азая баштайт. Көйгөйдү жоюу үчүн Кырыгзстанга медициналык жабдыктарды алып келип, трансплантология борборун ачуу зарыл. Бул багытта Кыргызстан артта калып, кечигип жатат.

«Эмне үчүн биздин жарандар башка мамлекеттерге барып, кыйналып, элден чөгөлөп акча сурашы керек? Өкмөт жана президент буга көңүл бөлүшү зарыл. Жакынкы КМШ өлкөлөрүндө дагы орган алмаштыруу өнүктү. Алсак, казактар жүрөк, боор алмаштырса, тажиктер бөйрөктөрду алмаштырып жатышат. Бизде боор алмаштырууга даяр адистерибиз бар», — дейт Иманкожоева.

Ал буга кошумча, бюджеттин тартыштыгынан улам элдин ден соолугуна тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келе жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM