Биз менен байланышыңыз

КСДПнын кадамдарына саресеп

Саясат | 9 Апр 2019 | 715 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПчылар партиянын XVIII съездинде резолюция кабыл алды. Анда белгиленгендей, бийлик бир жарым жылдан бери олуттуу реформа жүргүзбөй, өнүгүү программаларын ишке ашыруунун ордуна, коррупция менен күрөшүп жатабыз деп, саясий куугунтуктоо менен алек болуп жүргөндүгү сындалган. Ошондой эле КСДП партиясынын идеалдарына бек экенин айтып келген айрым саясатчылар бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн гана иштеп, үй-бүлөлүк башкарууну түптөөгө өз салымдарын кошуп жаткандыгы баса белгиленген. Бул боюнча серепчилердин пикирин угуп көрдүк.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев бийликтин жакынкы эки айдагы кадамы көп маселелерге таасирин тийгизерин айтат.

— Азыр КСДПнын эки түрү болуп калбадыбы. Менимче жакынкы эки ай ушул экөөнүн талаш-тартышын көрөбүз го дейм. Эки жээкке бөлүнгөн КСДПнын кайсы тарабы мыйзамдуу болуп чыкса, кийинки жүрүштөр ошого жараша болот. Эгерде бийлик тигил тараптагы КСДПны колдоп койсо, анда бул тараптын митингге чыгуусуна түздөн-түз шарт түзүлүп калат. Тескерисинче, мыйзам чегинде чечилип, балким «жаңы КСДП» мыйзамсыз деп табылса, анда митинг жүргүзүүнүн кажети жок болот.

КСДП партиясы бийликке бир топ талаптарды коюп, өзгөрүү киргизүүгө эки ай убакыт берген. 2 айдан соң өзгөрүү болбосо, ири митинг өткөрөрүн айткан. Бул аракеттер канчалык деңгээлде ишке ашуусу мүмкүндүгүн коомдук ишмер Сейтек Качкынбай төмөндөгүчө түшүндүрөт:

-Жасалма түрдө — адамдарга акча таратып аянтка чыгарып, кандайдыр бир деңгээлде козголсо болот. Менимче, учурда элдин бийликке нааразычылыгы байкалбайт. Ошондуктан чоң масштабдагы митингдердин болушуна көзүм жетпейт. Бирок, кийинки жылдарга чейин бийлик чыныгы реформалары, жаңы идеялары менен демилгелүү иш-аракеттерди жүргүзүүсү керек. Ал эми бийликтегилердин глобалдык деңгээлде ойлонгон күч командасы азыркы күндө байкалбай турат. Бул тууралуу бийлик өзү ойлонушу керек деп ойлойм.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, бийлик Атамбаевге теңелип, кайым айтышкандай маанай көрсөтпөшү керек. Анын ордуна экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун жакшыртуу аракетин жүргүзсө, ошол жооп болот.

-Эми Атамбаев ушинтип шыбасам, бийлик жооп берет деп ойлоп жатат. Бийлик жооп кайтарчу болсо, өзү эле уят болот. Азыр экономиканы көтөрүп, элдин жашоо-шартын жакшыртуу аракетин жүргүзсө эле ошол Атамбаевге эң сонун жооп болмок. Коркунуч ушул тарапта. Экономикада акыбал — начар, жылыш — аз. Корупция менен күрөшүү жетиштүү деңгээлде эмес. Анткен менен Атамбаев айткандай, Бакиевдин убагындагыдай репрессия жок. Май айында нааразы тараптын бир аз толкундоолору болушу мүмкүн. Бирок, чоң жарылуу болоруна көзүм жетпейт деле.  

Ал эми, саясий серепчи Эркингүл Иманкожоева Атамбаев өлкөнү башкарып турган учурга салыштырмалуу, азыркы бийлик тарабынан саясатчылар эч кандай куугунтук көрбөгөнүн айтат.

— Бирөөнүн башындагы чөптү көргөнчө, өзүңдүн башыңдагы төөгө да карап коюш керек. Куугунтук дегенде, куугунтукчулардын сап башында Алмаз Шаршенович өзү турбады беле? Маселен, Текебаев, Чотоновдор. Бул куугунтук эмеспи? Бир нерсе жасаарда, «Өзүмдүн башыма келип калбайбы?»- деп ойлонуш керек.  Азыр саясий куугунтук жүрүп жатат дегенге кошула албайм. Маселен, Сапар Исаков Кумтөр боюнча келишимге кол коюп, мөңгүлөрдү сатты. Кыргыз элинин чыккынчысы болду. Мындай адамдын орду каякта болушу керек эле анан? Мен Алмаз Шаршеновичке бир эле суроо берет элем. Мөңгүлөр боюнча суу кодексине өзгөртүү киргизген Атамбаев да. Ошол кол койбодубу. Өнгөсүн койдум, ушул эле суроомо жооп берсинчи.

КСДП партиясынын 6-апрелдеги съездине 170 делегат катышып, бир катар чечимдер кабыл алынганы жана күч органдарына кайрылуу даярдалганы айтылган. Андан тышкары, КСДПнын мурдагы саясий кеңешинин ишмердүүлүгү токтотулуп, жаңы курам шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM