Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстанда окуунун сапаты начарлап кетти

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 465 | 0

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, борбор шаардын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер менен болгон жолугушуусунда. Жолугушуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин имаратында болуп өттү.

Президенттин белгилешинче, Кыргызстанда окуучулардын саны 2012–жылдан бери 18 пайызга өстү. Учурда шаарда окуган балдардын саны, 25 пайызга, ал эми айылдагылар 14 пайызга көбөйдү. Бюджеттин 20 пайыздан ашыгы билим берүү тармагына жумшалганы менен, өлкөдө окуунун сапаты начарлап кетти.

-Өзгөчө химия, физика, математика сабактары боюнча жетишүү көрсөткүчү төмөндөп жатат. Азыркы кечиктирилгис маселе — мектепте билим берүүнүн сапатын жакшыртуу. Бул региондорду өнүктүрүү үчүн эӊ зарыл болгон шарт, келечектин пайдубалын түзө турган фактор”, — деди мамлекет башчы.

Жээнбеков окуу процессин санариптештирүүнү 2019-жылдан баштоо керектигин белгиледи. Өлкөдөгү окуу жайлардын шарты начар экенин айтып, кээ бир мектептерде балдар көп, үч кезек менен окуса да, класстар ашыкча толорун эске салды.

Коррупциядан түшкөн каражаттардын Бишкек менен Чүйдө мектертерди курууга жана имараттарды кеңейтүүгө жумшаларын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM