Биз менен байланышыңыз

Атайын эсепке түшкөн каражаттар мектеп курууга жумшалат

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 478 | 0

Мамлекет башчы борбор калаадагы № 69 жана № 12-мектептерге барып, класстарды көрүп, окуучулар менен маектешти. Мектеп директорлору окуу жайлардагы негизги көйгөйлөр — мектептердеги класстардын ашыкча комплекттенгенин жана кошумча окуу корпустарынын жетишпей турганын айтышты.

Жээнбеков мугалимдер менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграциядан улам Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө көп болуп жатканын белгиледи.

Эске салсак, Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга жана ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты атайын эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM