Биз менен байланышыңыз

Орус оппозиционери Навальный сотто утулду

Москванын Арбитраждык соту белгилүү оппозиционер Алексей Навальныйдын үстүнөн «Дружба народов» эт комбинатынын арызын канааттандырды. Бул тууралуу BBC орус кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  Навальныйдын «Коррупцияга каршы фонду (ФПК)» аталган эт комбинаты  тууралуу иликтөө видеосун жана макаласын жарыялаган.  Анда «Дружба народов» комбинаты өкмөттүн чечими менен Росгвардиянын бардык бөлүмдөрүн эт, картөшкө жана капуста сыяктуу азыктар менен жалгыз камсыздай турганын жана анын азыктарынын базар баасынан кымбатка бааланганын айткан. Ошондой эле комбинат гвардиянын айрым аймактык бөлүктөрүнө 30 тонна чириген картөшкө жеткиргенин да айтып чыккан.

Бул иликтөөнүн чындыкка дал келбей турганын айткан ишкана сотко кайрылган. Ушундай эле доо арыз менен Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов сотко кайрылган.

Сот доогерлердин арызын канааттандырып, Навальныйды аталган иликтөөнү интернеттен алып салууга милдеттендирди. Материалдык айыппул талап кылынган эмес.

Эске салсак, бул иликтөөгө байланыштуу Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов Навальныйды дуэлге чакырып, экөөнүн ортосундагы видеокайрылуулар аркылуу кайым айтышы өткөн жылдын күзүндө бир топко созулган. Эки ирет удаа абак жазасын алган Навальный анын дуэл чакырыгына бир айдан кийин жооп берип, Золотовду теледебатка чакырып,   Золотов андан баш тарткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM