Венесуэланын расмий президенти Николас Мадуро оппозиция лидери Хуан Гуайдону колдоого алган Евробиримдик өлкөлөрүн төңкөрүшчү деп айыптады.
Аскердик жыйында сөз сүйлөгөн Мадуро: «Өлкөмүн расмий шайланган башчысы катары анын тынчтыгы үчүн керек болсо жанымды берем»,-деди.
Өзгөчө Хуан Гуайдонун президенттигин алгачкылардан болуп тааныган Испаниянын премьер-министри Педро Санческе кайрылып:
«Испания кайрадан коркоктук кылып, Американын артынан ээрчип, Санчес өлкөнү балекетке сүйрөп баратат. Бир күнү бул чуулар бүткөндө колуң канга боёлгонун көрөсүң. Мурунку башчы Хосе Мария Аснар Американы ээрчип Иракты канга боёого катышканы сыяктуу. Тарых сени Трамптын саясий оюндарынын куурчагы катары жазат»,-деди.
Эске салсак, Хосе Мария Аснар 2003-жылы Америка жана Англиянын коркунучтуу химиялык куралды жашырып жатат деген жалган жүйө менен Иракты басканда алар менен бирге согушкан. Бирок испаниялыктар анын бул кадамын катуу сынга алып, бийликтен кеткен. Кийинки келген өкмөт башчы Аснардын чечимин жокко чыгарган.
Учурда Венесуэлада элдик толкундоолор уланууда. Ага катарлаш эле Мадурону колдогондордун митингдери да өтүүдө.
Мадуро өлкөдө жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу бар экенин эскертүүдө.
Өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдо болсо күч түзүмдөрүн өзүнүн сабына кошулууга чакырууда. Азырынча Аба күчтөрүнүн башчысы кызматын тапшырып, Гуайдону колдоорун жарыялаганы сыртында эч ким өтө элек.