Биз менен байланышыңыз

2019-2023-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 917 | 0

Өкмөттүн 2019-2023-жылдарга Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча программасы бекитилди. Чечимге Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Программада туристтик тармакты өнүктүрүүнүн локомотиви катары саналган өлкө аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле өлкөнүн артыкчылыктуу саналган жаратылыш жана тарахый-маданий объектилеринин картасы чагылдырылган.

Программаны ишке ашыруу боюнча 47 пункт каралган. Алардын тийиштүү түрдө аткарылышы туристтик секторду өнүктүрүүнү күчтөндүрүүгө шарт түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM