Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 564 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1-февралда Алматы шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, экономикалык өнүгүүнү камсыздоо чаралары жана башка маселелер талкууланат.

Мындан тышкары өкмөт башчы иш-чаранын алкагында «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» форумуна да катышмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM