Биз менен байланышыңыз

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде алты документке кол коюлду

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 506 | 0

Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөр бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдиирди.

Кол коюлган докукменттердин тизмеси:

-«2014-жылдын 29-майындагы «Евразия Экономикалык Биримдиги жөнүндө» келишимдин 40-беренесине ылайык, Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы аймагындагы жооп кайтаруу чараларын пайдалануу механизми жөнүндө маселе боюнча баяндама жөнүндө» маселеси алкагындагы тапшырма;

-«Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн деңиз өткөрүү пункттарындагы электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү концепциясы жөнүндө» чечим;

-«Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө» чечим;

-«Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдөгү макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө» буйрук;

-«Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешине Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» буйрук;

-«Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кзектеги жыйынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө» буйрук.

Copyright © 2017 Maral FM