Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: ЖМКлардын маалыматтык коопсуздугун көзөмөлгө алуу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 653 | 0

Өлкөдөгү жеке менчик ЖМКлардын маалыматтык коопсуздугун тийиштүү органдар көзөмөлгө алышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЖМКлар аркылуу коомдун пикирин терс жакка өзгөртүп коюп жатышат.

“Менин курагымдагы адамдар жаман менен жакшыны айырмалай билет. Ал эми жаштардын көпчүлүгү жалаң интернетте отурат. Көпчүлүгү анализ, мониторинг жүргүзүү үчүн окушпайт. Социалык тармактагы бир нече колдонуучулар коомдук пикирди өзгөртүп коёт. Мени сындаганды каалагандар депутаттык ишмердүүлүгүм тууралуу айтышсын жеке жашоом жөнүндө эмес. Фактылар менен келсе, кабыл алууга дагы даярмын», — дейт Карамушкина.

Эл өкүлү буга кошумча, мурда коомдук каналдарда оппозициядагыларга сөз берилбесе, азыр оюн элге жеткирүүгө баарына мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM