Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Путин он бешинчи ирет чоң маалымат жыйынын өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 549 | 0

Бүгүн Орусия президенти Владимир Путин салтка айланган ар жылкы чоң маалымат жыйынын өткөрөт. Путиндин 2001-жылдан бери өтүп келген жылды жыйынтыктоочу бул жыйыны быйыл 15-ирет уюштурулууда.

Учурда конференцияга катталган журналисттердин саны 1895 адамга жетип, болуп көрбөгөндөй рекорд жаратты. Былтыркы жыйынга 1702 журналист катышкан. Алардын басымдуу бөлүгү аймактык маалымат каражаттарынан келген. Андан сырткары, федералдык жана эл аралык ЖМКлардын өкүлдөрү да бар.

Жыйын бүгүн, 19-декабрда Москва убактысы менен алганда саат 13:30да башталып, Эл аралык соода борборунда өтөт. Орусия президентинин журналисттер менен баарлашуусу 3,5-4 саатка созулары айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM