Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жолдубаева менен Карамушкинанын баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 946 | 0

Бүгүн, 4-февралда, саат 16:00дө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбук» баракчасында билдирди.

Тергөөчүлөр жана прокурорлор жогоруда аты аталгандардын баш коргоо чарасынын мөөнөтүн 2 айга узартууну суранышат.

Карамушкина менен Жолдубаева Кой-Таш окуясына байланыштуу ачылган кылмыш ишинде бир нече берене менен шектелип, 9-февралга чейин үй камагына алынган.

Эске салсак, 2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери расмий түрдө аяктап, учурда шектүүлөр материалдар менен таанышуу процессинде.

Copyright © 2017 Maral FM