Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө абал: журналисттерге аккредитация берилбей турган болду

Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 635 | 0

Өзгөчө абалды чагылдыруу үчүн журналисттер аккредитациядан өткөрүлбөйт, аларга онлайн иштөө сунушталат. Бул тууралуу брифинг учурунда Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Буга чейин өзгөчө абал учурунда маалыматты чагылдыруу үчүн Жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациядан өткөрүлөрү айтылган болчу. Жалпы жагдайга байкоо жүргүзгөн соң, журналисттердин коопсуздугу үчүн аккредитация бербей турган болдук. Аралыктан туруп эле иштесеңиздер болот. Башка чет өлкөлөрдө да ушундай практика каралууда. Журналисттердин толук иштеши үчүн онлайн-брифингдер, онлайн-маалымат жыйындары өтүп турат. Сиздердин ден соолукту да ойлоп, аккредитация бербөөнү чечтик. Баары туура түшүнөт деп ойлойбуз», — деди комендант.

Орозалиев  ЖМК өкүлдөрүн онлайн иштөөгө жана туура маалымат берүүгө чакырып өттү.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 25-марттан 15-апрелге чейин айрым райондордо өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал учурунда жарандардын көчөдө каалагандай жүрүүсү чектелет. Кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпоо эскертилүүдө. Себеби бул мезгил аралыгында коменданттык саат жарыяланган.


 

Copyright © 2017 Maral FM