Connect with us

Жээнбеков: Жарандык коом ачык, ЖМКлар эркин болушу абзел

Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 507 | 0

Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жарандык коом ачык, массалык маалымат каражаттары эркин, парламент күчтүү болушу абзел. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты.

Жээнбековдун айтымында, парламенттин күчтүү болушу, анын курамынын сапаты — партиялардын түзгөн тизмесинен көз каранды.

-Партиялардын парламентке келишин, же келбешин сиздердин добушуңуздар чечет. Шайлоо өтөт, андан кийин да мамлекетибизди алга сүрөп, өлкөбүздү өнүктүрүү милдети турат. Элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга, калкыбыздын ден соолугун чыңдоого, жаштарыбыздын билимин жогорулатууга жан үрөп иштей турган чыныгы эл өкүлдөрүнө муктаж болобуз. Ошондуктан, «жети өлчөп, бир кесип», куру убадага алданбай, нукура элдин өкүлдөрүн шайлап бересиздер деп ишенебиз, -деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Президент Жээнбеков бүгүн парламентте жаңы куралган өкмөттүн антын кабыл алуу үчүн жыйынга катышты.

Copyright © 2017 Maral FM