Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик медиалардын таасири төмөн»

Коом | 27 Дек 2018 | 839 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мамлекеттик массалык маалымат каражаттарын жеке жактарга сатуу керектигин айтып чыкты.

Жогорку кеңештин трибунасында мурдагы журналист, учурдагы депутат Жанар Акаев мамлекет каржылаган телеканалдарды сатуу керектигин айтып чыкты. Анда эл өкүлү келечекте сатууга тийиш делген медиаларды атап, атаандаштыкты пайда кылууга чакырды.

Мени журналист коллегаларым туура түшүнүш керек. Бирок келечекте мамлекеттик массалык маалымат каражаттарын: «Кабар» агенттигин, 5-каналды, Пирамиданы, баарын сатыш керек. Мамлекет ошончонун баарын кармап кереги жок. Өкмөт өзүнүн маалыматтык саясатын жүргүзүүнү кааласа, реформа жасаса эле журналисттер өздөрү ансыз деле чагылдырат.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 40тан ашык жалпыга маалымдоо каражаты чыгашаларын мамлекеттик казынадан жабат. Алардын тизмесинде негизги телеканалардан баштап, облустук деңгээлдеги медиалар жана гезиттер бар. Бирок аларды жеке колго өткөрүүгө азырынча эрте. Мындай пикирин Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков «Маралга» айтты. Ал бүгүнкү күнү медиаларга берилип жаткан жарнама чыгашанын 10 пайызын гана жаба турганын эскертип, тил, маданият тармакты таанытуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин билдирди.

-Эгерде телеканалдарды жеке жактарга өткөрүп салсак, мамлекеттен башка бул оор жүктү эч ким көтөрбөйт. Мисалы КТРКнын алдындагы «Маданият, тарых жана тил» , «Спорт» жана «Баластан» каналдары корпорацияга каражат алып келбейт. Ошондуктан жеке жактар дагы албайт. Демек, бул багыттагы каналдар жабылууга мажбур болушат. Жеке жактар бир гана оюн-зоок, музыка тармактарына гана жарнама беришет. Ошондуктан азырынча телеканалдын чыгымын мамлекет гана көтөрүп турушу керек.

Анткен менен, Акаевдин демилгесин Кыргызстандагы журналисттер союзунун мурдагы төрагасы Марат Токоев колдоого алат. Анткени көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына коомчулук тарабынан суроо-талап жоголду. Аймактардагы гезит журналдарды ачып окугандарга караганда интернетке чыккан маалыматты окугандар көбөйдү. Мындан улам мамлекеттин карамагына негизги 1-2 негизги маалымат каражаттын калганы эле жетиштүү деп санайт.

Маалымат айдыңында калыс атаандаштык болушу үчүн мамлекеттин карамагына 1-2 эле медианы калтыруу берек. Биринчи мамлекеттик телеканал, экинчиси мамлекеттик нормативдик актыларды чыгарган гезит. Калгандардын баардыгын мамлекеттин карамагынан чыгарыш керек. Бир кезде чыны менен мамлекетке караган жалпыга маалымдоо каражаттары актуалдуу болгон. Анткени маалыматты берүүдө аларга жеке жактардыкына караганда шарттар бар болчу. Азыр болсо мамлекеттик делген медиаларга коомчулук деле көп ишенбей калды. Ошондуктан аларды жеке колдоого өткөрүп берүү керек.

Ал эми калган телеканал жана гезиттерди жеке жактарга деп таштай салып эмес, туура саясат жүргүзүү менен көтөрүп кетүү жолдорун журналист Азамат Тынаев сунуштады. Эң алдың бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттен каржы алган медиалардагы техника жана имаратты ошол жааматка калтырып, алар менен алмашуу жолу менен иш алып баруу натыйжасын берерин айтты.

Өкмөттүн карамагындагы телеканал, радио жана гезиттерге чоң суммадагы каражаттар бөлүнөт. Бирок алардын бүгүнкү күндөгү иши заман талабына туура келбейт. Ачыгын айтканда көргөн жокпуз. Телеканалдын жетекчилигин дагы туура түшүнүү керек. Алардын колу кыска. Ошондуктан медиакомпанияларды инвесторлордун колуна сатпастан, ошол медиада иштеп келген жамаатка калтыруу туура болот. Аларга имарат жана техникаларды калтырып, бартердик негизде иш алып баруу натыйжалуу болот. Мында мамлекеттин кызыкчылыгы дагы жоголбойт.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда мамлекет каржылаган 40 ашык жалпыга маалымдоо каражаттары бар.

Дүйнөлүк практиканы карасак, өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттен каржы алган медиалар жокко эсе. Батыш өлкөлөрүндө мамлекеттик жана жеке деген түшүнүк жоюлуп бара жатат. Бул саясат өз кезегинде коомчулуктун ачык-айкын маалымат алуусун камсыздайт деп санашат.

Ал эми мурунку советтик өлкөлөргө келсек, мындай түшүнүк азырынча жок. Дээрлик баардыгында мамлекеттин маалыматтык саясатын жүргүзгөн телерадио компаниялар иштейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM