Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммитин 500дөн ашык журналист чагылдырат

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 550 | 0

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 13-14-июнда Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катталды.

Мисалы, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Белоруссия, Иран, Монголиянын жана Япониянын 115 ЖМКсынан 443 журналист келет. Ошондой эле, Кыргызстандын 32 ЖМКсынын 94 журналисти аккредитациядан өтүштү.

13-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан «Достук кербени» аттуу майрамдык гала-концерт болот. Аны «ЭлТР» телеканалы түз алып көрсөтөт.

14-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадио берүү корпорациясынын «Ала-Тоо-24» каналы түз алып көрсөтөт.

Бул күндөрү ШКУнун саммитинен тышкары, эл аралык мүнөздөгү башка иш-чаралар да мерчемделген. Алсак, бүгүн Бишкек шаарына Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга расмий визит менен келди.

13-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити башталат. 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот.

Copyright © 2017 Maral FM