Биз менен байланышыңыз

Президент Бишкектин тургундарына ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 722 | 0

Бүгүн, 18-июнда Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, өткөн аптада уюштурулган иш-чаралар боюнча маалымат берди.

Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапарларынын жыйынтыгы чыгарылды.

Президент Тышкы иштер министрлиги бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте саммиттин жана иш сапарлардын мазмундук жагын жана протоколдук-уюштуруучулук маселелерин жогорку деңгээлде камсыздап беришкенин, конкреттүү натыйжалар бар экенин белгиледи.

«Эми алардын ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу — негизги милдет. Кагаз жүзүндө калбай, мамлекеттин, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек. Бул эл аралык иш-чаралар — Кыргызстандын аброюн бекемдеген, өлкөнүн келечегине жемиш алып келчү иш-чаралар», — деди Жээнбеков.

Ал мындан сырткары, Бишкек шаарынын тургундарына бул ири эл аралык иш-чаралардын убагында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Шаардыктардын күнүмдүк турмушунда, өзгөчө коомдук транспорттун жүрүшүндөгү ыңгайсыздыктарга биздин жарандар түшүнүү менен мамиле жасашты. Ошондой эле, миңдеген адамдар борбор шаарыбызды көрктөндүрүү, тазалыкты жана коомдук тартипти камсыз кылуу менен алек болушту. Алар күн-түн дебей иштешти. Мен баарыңыздарга жардамыңыздар жана жарандык колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем», — деди президент.

Жээнбеков министрге Президенттик Аппарат менен бирге ШКУ саммитинин жана расмий сапарлардын алкагында жетишилген макулдашуулардын мындан аркы аткарылышын кылдат көзөмөлгө алууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM