Биз менен байланышыңыз

Сергей Лузянин: ШКУнун Бишкектеги саммити бүтүндөй Евразия чөлкөмү үчүн маанилүү

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 620 | 0

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити башталды. Саммиттин күн тартибинде 20дай маселе камтылган.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги саммити бүтүндөй Евразия чөлкөмү үчүн маанилүү окуя болот. Мындай пикирди Орусия Илимдер академиясынын Ыраакы Чыгыш институтунун директору Сергей Лузянин билдирди.

Серепчи: «ШКУнун экономикалык күн тартибине АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу таасирин тийгизет», — деп белгилейт. Ошондой эле, «Тараптар ШКУнун банкын түзүү жана учурдагы чакырыктар, коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүү маселесин талкууга алышы мүмкүн», — деген пикирин айтты.

«Кытайдын төрагасы жөн жерден форумдун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү пландап жаткан жок. Экономикалык күн тартибинде банктык жана инвестициялык багыттагы кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгы айтылышы мүмкүн. Бул чөйрөдө пайдаланыла элек көп ресурстар бар», — деди Лузянин «Орусия бүгүн» телеберүүсүндө.

Анын айтымында, учурда коопсуздук жаатында жаңы чакырыктар пайда болгон.

«Бул эң оболу Ооганстандагы «Ислам Мамлекети» уюмунун согушкерлеринин чыкканы. Бүгүнкү саммиттин Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөнү — Орусия үчүн өтө маанилүү. Кыргызстан Борбор Азиядагы чечүүчү өлкө болуп саналат. Бүгүнкү күндө көптөгөн биргелешкен долбоорлор, анын катарында темир жол куруу долбоору бар. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү», — дейт серепчи.

Copyright © 2017 Maral FM