Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: Атамбаев камакта китеп окуп, спорт менен машыгып жатыптыр

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 1159 | 0

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын бир катар депутаттары камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жолугушуу кечээ болуп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Альфия Самигуллина барышкан. Депутат айым мурдагы президент Атамбаев камакка алынган тарапташтарына кабатырлыгын билдирегин айтат.

Атамбаев абакта классикалык чыгармаларды, анын ичинде орус классиктеринин китептерин окуп, спорт залга барып жатканын Карамушкина белгилейт.

Белгилей кетсек, 7-8-августта Алмазбек Атамбаев атайын операцияда колго түшүрүлгөн. Аны кармоодо Кой-Ташта УКМКнын бир кызматкери окко учуп, дагы бир тобу ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

Атамбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат. Ага 14 оор берене боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM