Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: Атамбаев Жээнбековду башкарууга камынган эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Янв 2019 | 944 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Марал” радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди сатып кетпей турганын билдирди.

«Адамды каршы пикиринен улам сатып кетүү — уят. Адамдан баш тартууга болот, бирок аны жаман иштерге чөктүрүү, ал процесске катышуу саясатта уят көрүнүш деп эсептейм. Алмазбек Атамбаев көп нерсе жасады. Аны сатып кетүүнү каалабайм. Атамбаев акылдуу, тажрыйбалуу, көп китеп окуйт. Эгер күнөөсү болсо сөзсүз түрдө кечирим сурайт. Анын «7-сезими» айрым нерселерди алдын ала көрө билет. Мен мындай касиетине бир нече жолу күбө болдум», — дейт Карамушкина.

Ал Атамбаев бийликке келген алгачкы 2 жыл абдан татаал болгонун, өч алууну каалагандар анын менеджер башчы катары иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк беришпегенин белгиледи.

«Атамбаев президент болуп турганда анын туугандары эч бир мамлекеттик кызматта турушкан эмес. Атамбаев буга жол берген жок. Ал бийликти тынч жол менен өткөрүп берди. Мындан сырткары Атамбаев парламенттин, өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жетишти», — дейт Карамушкина.

Эл өкүлүнүн пикринде, Атамбаев оор кырдаалда 6 жыл өлкөнү башкарып, тажрыйба топтоого жетишкен. Ал президент Сооронбай Жээнбековду башкарууга камынган эмес, болгону тажрыйбасын бөлүшүүгө ниет кылган болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM