Биз менен байланышыңыз

Москвада сенатор адам өлтүрүүгө айыпталып камалды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Янв 2019 | 607 | 0

Орусиянын парламентинин жогорку Федералдык Кеңешинин Карачай-Черкесиядан шайланып келген депутаты Рауф Арашуков адам өлтүрүү жана бейбаштыкка айыпталып кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Рауф Арашуков Карачай-Черкесияда өзүнө атаандаш деп эсептелген эки кишинин-Аслан Жуков жана Фраль Шебзуховду өлтүрүүгө буюртма берген. 32 жаштагы сенатордун атасы Рауль Арашуков да кечээ Санкт Петербургда кармалды. Ал «Газпромнефть межрегионгаз» компаниясынын генералдык директорунун кеңешчиси болуп туруп, жалпысынан 30 млрд рубль кымтып алганы айтылууда. Арашуковдор булөөсүнүн кылмыштары тууралуу буга чейин да айың кептер жүргөн менен аймактык күч түзүмдөрү аларга алы жетпей келген.

Депутат Рауф Арашуковду кармоо Орусиянын тарыхында алгачкы ирет катталган ыкмада ишке ашты.

Кечээ, 30-январь кунү эрте менен Федералдык Кеңештин кезектеги отурумуна жыйналган депутаттар, италиялык коноктор жана журналисттердин алдына сырттан Башкы прокурор Юрий Чайка менен Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин кирип келген. Чочулап турган парламенттин трибунасына чыккан Чайка жыйын жабылганын жарыялап, сырттан атайын кызматтын ондогон жигиттери кирип келишкен. Бул арада шектүү Арашуков жыйынга кеч калып, келе элек болгон. Башкы прокурор анын кылмышын бардык ысымдар жана сандар менен далилдеп айтканда, депутаттар кесиптешин дароо кол тийбестиктен ажыратууга добуш бере салышты.

Бир маалда кеч калып демигип кирген Арашуков абалды түшүнүп качып жөнөгөндө кармап калышты.

Эске салсак, жогорку макамдагы мамлекеттик кызматкерди Федералдык Кеңештен кишендеп алып чыгып кетүү биринчи ирет болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM