Биз менен байланышыңыз

Исаков: Парламенттик башкаруу болсо да баары президенттин оозун карайт

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Янв 2019 | 594 | 0

Жарандык активист Гүлжигит Исаков “Марал” радиосуна берген маегинде өкмөт иш алып бара албай жатса, Жогорку Кеңеш дагы жоопкерчиликке тартылышы керек экенин билдирди.

Ал өкмөттү парламенттеги депутаттар түптөп жатканын айтат.

Исаковдун пикиринде, юридикалык маселелерди жакшы билген мугалимдер, дарыгерлер дагы Жогорку Кеңеште депутат болушу зарыл. Парламентте коомдогу көрүнүштөр чагылдырылышы кажет.

«Биздин менталитет президенттик башкарууга жакын. Азыр парламенттик башкаруу десек дагы баары президенттин оозун карайт. Андыктан өкмөттү жоюп салып, президент баарына жооп бере тургандай кылыш керек. Мыйзам чыгаруу боюнча 50 адам иштесе болот. Укук коргоо органдары, БШКны курултай көзөмөлгө алмак», — дейт Исаков.

Белгилей кетсек, Кыргызстан — парламенттик- президентдик башкаруу формасындагы республика.

Copyright © 2017 Maral FM