Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 849 | 0

Бүгүн, 6-январь саат 14:00дө Жогорку Кеңеш кезексиз жыйыны чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда коңшу Казакстан мамлекеттиндеги кырдаал боюнча маселе каралат.

2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди.

Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Мангистау облусунда өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилди. Карапайым калк менен коопсуздук кызматкерлери ортосунда кагылышуу уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM