Биз менен байланышыңыз

«Чек арадагы атышуу мамлекеттеги башаламандыктан кабар берет»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Янв 2019 | 647 | 0

Жарандык активист Гүлжигит Исаков “Марал” радиосуна берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин ысымы аралашкан окуя улуттук кызыкчылыкка туура келбеген көрүнүш экенин билдирди.

Анын айтымында, Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилик менен алектенген топ катышкан атышуу боюнча ишти аягына чыгаруу үчүн жарандык коомдун активдүүлүгү керек. Жарандар, журналисттер бул маселени байма-бай күн тартибине алып келсе, бийлик чечүүгө, чара көрүүгө аргасыз болот.

«Мындай көрүнүштөргө системалуу чара көрүп, комплекстүү кароо зарыл. Толук калыптана элек мамлекеттин институттары күчтүү болбосо, куттуу орун бош турбайт. Башка өлкөнүн жарандары бизге келип, жогорку кызматтарда отурат. Мунун баары мамлекеттик унаанын башаламандагынан кабар берет. Конституция өзгөрүп, жамааттык түрдө жоопкерчиликсиздикти жайылтып жиберди. “Кумтөрдүн” лоббиси Жогорку Кеңешке кылмыштуулукка тиешеси бар, колу туткак адамдардын келүүсүнө кызыктар болууда. Башкаруу, «бурап коюу» оңой болсун деп шайлоодо «илинчеги» бар адамдар тандалууда. Андыктан люстрация мыйзамы тез арада кабыл алынышы керек», — дейт Исаков.

Белгилей кетсек, 25-январь күнү Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилик менен алектенген топ катышкан атышуу болгону жергиликтүү басылмалардын биринде кабарланган. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин тууганы делген Дастан жана Кубан аттуу жарандар аймакта ишкердик кылган. Тагыраагы, аткезчилик менен алектенгени айтылган.

29-январда эл өкүлү Урмат Самаев Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктунданы атышуу боюнча суракка чакырылган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов өткөрүү пункттагы видеолор алынганын, алдын ала жыйынтык боюнча ал жерде депутат Самаев көрүнбөгөнүн айткан.

Copyright © 2017 Maral FM