Биз менен байланышыңыз

Дамир уулу: Тоо лыжа базаларынын деңгээлин көтөрүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Янв 2019 | 619 | 0

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу “Марал” радиосуна берген маегинде региондордогу туристтик объектилерге алып барган жолдордун инфраструктурасын чечүү пландап жатканын билдирди.

«Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астында мамлекеттик «Кыргыз туризм» деген ишкана түзүлүп, көлөмдүү каражат бөлүнгөнү турат. Ага биринчи кезекте жолдордогу даараткана маселесин чечели деп жатабыз», — дейт Дамир уулу.

Ал Кыргызстанда тоо лыжа базаларындагы кызмат акы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан экенин белгилейт.

«Бааларды төмөндөтүү үчүн атаандаштык керек. Ал үчүн тейлөөнүн сапатын өнүктүрүп, базаларды эл аралык деңгээлге алып келүү зарыл. Бул үчүн Кыргызстанда инвестициялык климатты түзүү абзел. Анткени канаткаларды куруп, эңкейиштерди жасоого көп каражат кетет. Жергиликтүү ишкерлер ага кызыкпай жатат. Алсак, канатканы курууга кеткен чыгашаны кайра кайтарууга 50 жылдан ашык убакыт керек. Себеби бир канатка 500 миң доллардан жогору», — дейт Дамир уулу.

Copyright © 2017 Maral FM