Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга туристтик паспорт киргизилет

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 536 | 0

Кыргызстанга туристтик паспорт киргизилет. Алгач, ал «Манас» Эл аралык аэропортунан сыналат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Ал кабарлагандай, ар бир чет элдик Кыргызстанга келип жатып, өткөрмө пунктунан туристтик паспортту ала алат. Аны чек арачылар беришет.

«Паспорттун QR-коду болот. Тиркеме аркылуу кодду сканерлеп, веб-порталга кирүүгө болот. Ал порталда өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү, башкача айтканда маршруттары, кооз жерлери, бара турган жерге жетүү жолдору, кайсы мейманканада калуу тууралуу маалымат болот», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM