Биз менен байланышыңыз

Индонезияда кайрадан кырсык: 86 киши набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 588 | 0

Индонезиянын Түштүк Сулавеси аралында катуу жааган жаандан улам суу сактагычтан ташкан суу сел болуп калктуу конуштарды каптады. Ошондой эле анын кесепетинен жер көчкү болуп жалпысынан 86 киши каза болгону маалым болду. Бул тууралуу Индонезиянын Эл аралык табият кырсыктары агенттиги кабарлады.

Катуу жааган жаандын айынан селде калган миңдеген жаран үй-жайсыз калды. Кургактыктын деңизге карай көчүшүнөн жана селден улам унаа жолдор иштен чыгып, жардамдар тик учак менен жеткирилүүдө.

Индонезиянын президентинин жардамчысы Юсуф Калла каза болгондордун үй-булөлөрүнө киши башына 1066 доллардан жардам берилерин билдирди.

Эске салсак, Бул акыркы бир жыл ичинде Индонезияда массалык өлум алып келген төртүнчү кырсык болуп саналат. Өткөн жылдын кузүндө Сулавеси аралында цунами жүрүп, аралдагы Палу шаарын толук каптап кеткен. Кырсыкта 2000 чамалуу киши көз жумган. Андан кийин борбор шаар Жакартадан учкан учак деңизге кулап, ичиндеги 189 киши түгөл набыт болгон. Ал эми декабрдын аягында Анак-Кракатау жанар тоосунун атылуусунан пайда болгон цунамиден 500гө чукул адам мерт кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM