Биз менен байланышыңыз

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында дагы чыр чыкты

Коом | 24 Янв 2019 | 624 | 0

Кечээ 23-январда Баткен районунун Кара-Бак айылындагы мүрзөгө салынган бастырманын айынан кыргыз-тажик элинин ортосунда пикир келишпестик чыкты. Кара-Бак айылынын Тажикстандын Лаккан айылы менен чектеш 15 гектар жерде Кара-Бак элинин мүрзөсү болгон. Кыргыздар ал жерди 1918-жылдан бери эле пайдаланып келишкен. Мүрзөгө келген жарандар үчүн жаан-чачын, ысыктан калкалануу үчүн бастырма салышкан. Бастырманы бузуу талабын тажик тарап талап кылып чыгышкан. Натыйжада кыргыз тараптан 100гө жакын, ал эми 150дөй тажик жарандары чогулуп, сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Анда кыргыздар мурдатан колдонуп келген чек арадагы 15 гектар мүрзөдө эки ай мурда курулган бастырма себеп болду. Аны курулуш катары эсептеген тажикстандын жергиликтүү бийлиги жана 150дөй киши бузуу талабын коюп чек арага чогулган. Натыйжада, Кара-Бак айылынын 100дөй тургуну жыйналып эки тараптуу сүйлөшүү болду. Бирок жыйынтык чыкпаганын Кара-Бак айыл аймагынын башчысы Тургунбай Нишанбаев айтты.

Курулуш курулуп жатат деген шылоо менен тажик тарап келишти. Бул боюнча эки тараптын тең бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ушул жуманын ишемби же болбосо дүйшөмбү күнү жолугушуп бул маселени чечебиз дешти.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул аймак союз учурунда ал жер алмашуу жолу менен Кыргызстанга өткөн. Бирок ошол учурда оозеки түрдө гана айтылып калгандыктан, 1989-жылдагы картада тажик тарапка карап калган деп айтышууда.

-Алмашылгандан кийин картага эмне үчүн кирбей калды? Бизде Президент, аким болгондон кийин бул маселени чечиш керек да. Качанга чейин жердин документи жок жүрөбүз. Азыр бодо малдардын да документи болуп жатат го. Биз алмашылганын жакшы билебиз. Кайсы жер тажиктердики, кайсы жер биздин жер, кайсы жерге алмашылганын биз жакшы билебиз.

-Ошол маалдагы тажиктин чоңдору менен биздин чоңдор атайын сүйлөшүп 9 гектар жерге алмаштырган. Ал союз маалы болчу. Бирок чек ара бөлүнгөндөн кийин мындай көйгөй чыгып жатат. Ошол маалда жакшы такталбагандыктан, мындай көйгөйлөр бизде көп болот.

Чек ара тартиби боюнча такталбаган аймактан 300 метр аралыкка курулуш курууга мүмкүн эмес. Бирок бүгүнкү талаш жараткан бастырма бул чоң курулуш эмес. Андыктан тажик тараптын наразычылыгына негиз жок экенин Баткен чек ара башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Кыялбек Төлөнбаев айтты.

-Кечээ бул боюнча чек ара кызматынын Баткен өкүлчүлүгү да сүйлөшүүлөр болду. Тажикстандын чек арачылары менен биздин жергиликтүү бийликтин ортосунда да сүйлөшүүлөр болду. Мурда бул аймак кандай кайтарылып келсе, ошол бойдон биз чечилгенге чейин кайтара беребиз. Ал эми жергиликтүү бийлик дүйшөмбү күнү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечим кабыл алынгыча биз чек араны кайтарууну улантабыз.

Ушул жуманын ишемби күнү бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөкчү. Ага чейин эки тараптын тең такталбаган аймакка кирүүсүнө тыюу салынган.  Сүйлөшүүнүн негизинде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кыргыз тараптын мүрзөсүндөгү бастырманы бузуу же ордунда калтыруу маалым болот.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында Тажикстан менен чектеш аймакта 60ка жакын такталбаган аймак бар. Учурда Тажикстан менен чектешкен чек аранын 40%га жакыны такталган.

Copyright © 2017 Maral FM