Биз менен байланышыңыз

Whatsapp бир катты бир нече кишиге жөнөтүүгө тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 753 | 0

Facebook тармагынына тиешелүү болгон Whatsapp месеенжери эми бир катты бештен ашык кишиге жиберүүгө тыюу салды. Мунун максаты «фейк» билдирүүлөргө каршы күрөшүү болуп саналат. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы жарыялады.

Мурда бир эле билдирүүнү жыйырма кишиге чейин жөнөтүү мүмкүн болчу. Ошондой эле байланыштагы колдонуучулардын санына да чек коюлду. Мурда Whatsapp  аркылуу 5 миңге чейин адам менен кат алышуу мүмкүн болсо, эми алардын саны 1280ге түштү.

Компаниянын билдиришинче, аталган чектөө эң алгач 2018-жылдын жайында киргизилди. Whatsapp аркылуу жайылган айың кептин айынан жыйырмага чукул туура эмес кишини ур-тепкиге алган окуя катталган.

Эми мындай чектөөнү бүт дүйнө боюнча киргизүү чечими чыкты.

Кошумчалай кетсек, бул мессенжер кызматынын дуйнө жүзү боюнча 1,5 млрд колдонуучусу бар. Анда бир тайпада 256 кишиге чейин мүчө жыйналса болот.  Чектөөлөр Facebook тармагына карата коопсуздук боюнча айыптоолордон кийин киргизилди. Өткөн аптада коомдук желе КМШ өлкөлорүндө эле жаопысынан миңге чукул баракчаны жана эсептерди жапкан.

Copyright © 2017 Maral FM