Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда Facebook, Google компаниялары салык төлөй баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 645 | 0

Дүйнөдөгү ири телекоммуникациялык компания эсептелген Google Тажикстандын Салык комитетинде каттоодон өтүп, эми өлкө жарандарына көрсөтүп жаткан акы төлөнүүчү кызматтары үчүн салык төлөй баштайт.

Буга чейин Тажикстанда колдонуучусу көп Facebook социалдык түйүнү да өлкөдө салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстандын жарандарына акы төлөнүүчү интернет-кызматтарын көрсөткөн компаниялар 18 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

Бул мыйзамдын нормалары 2020-жылдын 17-декабрында кабыл алынып, быйыл январдын ортосунда күчүнө кирген. Жакындан бери чет өлкөлүк компанияларга Салык комитетинин расмий сайты аркылуу онлайн катталууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Google менен Facebook’тан тышкары буга чейин Тажикстандын Салык комитетинде Doodle inc, Novatech IT ltd жана Xsolla компаниялары да салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM